ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-апрели № 31/4
Чүй айыл өкмөтүнө «Чүй облустук өнүктүрүү» фондунан акча каражатын алууга уруксаат берүү жөнүндө
«Чүй облустук өнүктүрүү» фондунан Чүй айылындагы В.Ф.Марков атындагы №1 орто мектептин 150 чарчы метр чатырын жабууга акча каражатын кароо боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 28-мартында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган Чүй айылындагы В.Ф.Марков атындагы №1 орто мектептин 150 чарчы метр чатырын жабууга «Чүй райондук өнүктүрүү» фондунан 480 000 (төрт жүз сексен миң) сом акча каражатын алууга уруксаат берилсин.
2. Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Акча каражатка долбоор түзүү жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Таалайбековго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага | Б.О.Кыдырбаев |