Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын V сессиясы

2024-жылдын 31-майы № 1

 

Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин көтөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы “Автомобиль транспорту жөнүндөгү” №154 Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын V сессиясынын протоколунун чечимине ылайык Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Биримдик” Ачык Акционердик Коомунун 2024-жылдын 15-мартындагы жана “Азамат-Минавар-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 17-апрелиндеги кайрылуулары канаттандырылып, күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу, жүргүнчүлөрдү ташуу тарифи мурунку баасынан 10 сомго көтөрүлүп, тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Жеңишбек уулу А.

 

 

Кара-Буура айылдык

кеңешинин 2024-жылдын

31-майындагы №1 токтому

менен бекитилди

№

Каттам

Жол акы

1

Кызыл-Адыр - Талас

 80

2

Кызыл-Адыр - Көк-Сай

 80