Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын V сессиясы

2024-жылдын 31-майы № 3

 

ААК “Мамлекеттик ипотекалык компаниясына” жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө

Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын V сессиясынын протоколунун чечимине ылайык Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл аймагынын Кызыл –Адыр айылындагы 6-01-05-1001-3678 кодундагы жерден 1,50 га же калктуу конушту кеңейтүү максатында бөлүнгөн № 117 контурундагы жалпы 25 га жер аянты көп кабаттуу турак жайларды куруу максатында, “Мамлекеттик ипотекалык компания” Ачык Акционердик Коомуна өткөрүлүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарба, муниципалдык менчик жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Жеңишбек уулу А.