Редакцияот 30.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 29-чу кезектеги жыйыны

 

2023-жылдын 30-ноябры № 95

 

Айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлердин категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

«СолтоИзиВей» ЖЧКсынын башкы директору М.Молдогазиевдин арызын карап жана талкуулап, «Богара» багытындагы «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы» категориясына «Ден соолукту оңдоо комплекси” багытына которууга (трансформациялоого)

 

Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1. Таш-Дөбө айыл аймагында, идентификациялык коду 7-01 -16-0010–0109, аянты 0,87 га жана идентификациялык коду 7-01-16-0010–0010, аянты 0,87 га, 142 Контурда жайгашкан «Богара» багытындагы «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы» категориясына «Ден соолукту оңдоо комплекси” багытына которууга макулдук берилсин.

 

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Таш-Дөбө айыл аймагында, идентификациялык коду 7-01 -16-0010–0109, аянты 0,87 га жана идентификациялык коду 7-01-16-0010–0010, аянты 0,87 га, 142 Контурда жайгашкан «Богара» багытындагы «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы» категориясына «Ден соолукту оңдоо комплекси” багытына которууга макулдук берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н.  жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.