Редакцияот 10.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 35-чи кезексиз жыйыны

 

2023-жылдын 10-ноябрындагы № 93

 

 

«Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкелеринде көп батирлүү турак жайларды үлүштүк курууга жер тилкелерин берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө

Таш-Дөбө айылдык кеңеши, «Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкелеринде көп батирлүү турак жайларды үлүштүк курууга жер тилкелерин берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» жобону карап, комиссия мүчөлөрүн: Мукашев У., Эргешев А., Мусаев А., Султанов М. угуп жана талкуулап

 

Таш-Добо айылдык кенеш:

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1. «Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкелеринде көп батирлүү турак жайларды үлүштүк курууга жер тилкелерин берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» жобо бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Н.Адашпасовага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.