Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 97 токтомуна ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 33-чү кезектеги жыйыны
2023-жылдын 17-октябрындагы № 90
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн үлүштүк катышуусунун негизинде көп кабаттуу үй куруу үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Орто-Сай айылында, №5 контурда жайгашкан жер тилкелерин: «Ригель» ЖЧКсына 1,65 га жер тилкесин жана «Эркиндик Авеню» ЖЧКсына,1,65 га жер тилкесин, 5 жылдык мөөнөткө үлүштүк курулуш шартында убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилсин.
2. Курулуш компаниялары менен Таш-Дөбө айыл өкмөтү менен үлүштүк катышуу шартында жер тилкесин ижара берүү келишими түзүлсүн.
3. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн үлүшү жалпы пайдалуу сатылуучу аянттын 100 (жүз) пайызынан 15 (он беш) пайыз коммерциялык аянтчалар өлчөмүндө белгиленсин.
4. Ижара акысынын өлчөмү Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги №64 токтому менен бекитилген тарифтерге ылайык белгиленсин.
5. «Ригель» ЖЧКсынан Таш-Дөбө.айылында жайгакан Б.Бейшеналиева атындагы мектептин жанына «Спорт комплекс» куруу түрүндөгү социалдык пакет кабыл алынсын.
6. «Эркиндик Авеню» ЖЧКсынан Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык жактан аялуу катмарына 3 кабаттуу 2 подъезддүү турак жай имаратын куруу түрүндөгү социалдык пакет кабыл алынсын.
7. Токтом юстиция органдарында каттоодон өткөрүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.