Редакцияот 17.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 33-чү кезектеги жыйыны

 

2023-жылдын 17-октябрындагы № 86

 

Чуй областык прокуратурасынын 2023-жылдын 9-октябрындагы №11р-23 катын карап, ошондой эле прокуратуранын өкүлү А. Сыдалиевди, ошондой эле Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Н.Адашпасов пикирлерин угуп жана талкуулап

 

Таш-Дөбө айылдык кеңеш:

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1. Чуй областук прокуратуранын кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн Аламүдүн районунун, Таш-Дөбө а/о, Байтик-Баатыра көчөсү, №5 контур дарегинде жайгашкан 0,32 га жер тилкеси берилсин;

 

2. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5 контурда жайгашкан жалпы аянты 0,32 га жер тилкесинин максаттуу багыты Чуй областук прокуратуранын кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн өзгөртүлсүн;

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.