ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 31-чи кезексиз жыйыны
2023-жылдын 28 сентябрындагы № 83
Чуй областык прокуратурасынын 2023-жылдын 27-июльдагы №11\202-22 катын карап, ошондой эле прокуратуранын өкүлү А. Сыдалиевди, ошондой эле Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Н.Адашпасов пикирлерин угуп, жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеш:
ТОКТОМ кылат:
1. Чуй областук прокуратуранын административдик имаратын куруу үчүн Аламүдүн районунун, Таш-Дөбө а/о, Байтик-Баатыра көчөсү, №5 контур дарегинде жайгашкан 0,50 га жер тилкеси берилсин;
2. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5 контурда жайгашкан жалпы аянты 0,50 га жер тилкесинин максаттуу багыты Чуй областук прокуратуранын административдик имаратын куруу үчүн өзгөртүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |