ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 30-чу кезексиз жыйыны
2023-жылдын 8 сентябрындагы № 81
Орто-Сай айылында жайгашкан жер тилкелерине көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча сынакка катышууга чакыруу менен жарнакты берүү жөнүндө
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары Орто-Сай айылында жайгашкан убактылуу комиссиянын мүчөлөрүн, ошондой эле Таш-Дөбөн айылдык кеңешинин депутаттары Эргешов Азамат Бектурович менен Калманбетов Төрөбек Муратовичти угуп
Таш-Дөбө айылдык кеңеш:
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнө, Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерине көп кабаттуу үйлөрдү үлүштүк катышуу менен куруу боюнча эң мыкты долбоорду тандоо боюнча сынакка катышууга чакыруу боюнча маалымат каражаттарына жарнак берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |