ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 15-чи кезексиз жыйыны
2023-жылдын 24-августундагы № 77
С.Чокморова айылындагы Эски мектептин имаратын бала бакча ачып иштетүү жөнүндө
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Азамат Бектурович Ергешевдин билдирүүсүн карап жана талкуулап, Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары.
ТОКТОМ кылат:
1. С.Чокморова айылындагы Сопубек №17 көчөдө жайгашкан эски мектептин имаратын бала бакчага ачууга максаты ылайыкташтырылсын;
2. Бала бакча 2 группалуу, 60 балага ылайык ачылсын жана аты «Сүймөнчүк» деп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов А.Дж. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |