Редакцияот 13.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 29-чу кезектеги жыйыны

 

2023-жылдын 13-июлундагы № 74

 

«Алтын Балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемесин кайра каттоо жөнүндө

 

Таш-Дөбө айылы, Бегелдинова б\н көчөсүндө жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап

 

Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

ТОКТОМ  кылат:

 

1. 2023-жылдын 20-декабрына чейин Таш-Дөбө айылы, Бегелдинов көчөсү б/н дарегинде жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылсын.

 

2. «Алтын Балалык» мектепке чейинки билим берүү уюмунун учурдагы директору Козубекова А.М. – 2023-жылдын 20-декабрына чейин «Алтын Балалык» мектепке чейинки билим берүү уюмунун юридикалык дареги өзгөргөндүгүнө байланыштуу Уставын кайра каттоодон өткөрсүн

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов А.Дж. ошондой эле «Алтын Балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Козубекова А.М. жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.