ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 29-чу кезектеги жыйыны
2023-жылдын 13-июлундагы № 72
Таш-Дөбө айылынын аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөөлөр жөнундө
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин “Акыйкат” депутаттык тобунун арызын карап жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбө айылынын аймагында кечки саат 18:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин алкоголдук жана спирт курамында бар суусундуктардын бардык түрлөрүн сатуу чектелсин.
2. Токтомду аткарбагандыгы үчүн 20 мин сом айып салынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов А.Дж. ошондой эле Таш-Дөбө айыл аймагынын активисттерине жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |