Редакцияот 26.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Арашан айылдык кенешинин XXVIII-чакырылышынын 1-чи кезектеги жыйыны

2024-жылдын 26-февралы № 1

Арашан айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык эки айыл аймагы бириктирилген: Таш-Дөбө менен Арашан бир Арашан айыл өкмөтүнө айланган. Арашан айылдык кеңешинин жаңы курамынын биринчи кошмо сессиясынын жыйынтыгы менен Арашан айылдык кеңешинин төрагалыгына талапкерлерди угуп жана талкуулап,

Арашан айылдык кеңеши

ТОКТОМ кылат:

1. Алмазбек Болотбекович Курманбаев Арашан айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

2. Кулжаев Алымкул Арашан айылдык кеңешинин депутаты болуп шайлансын.

 

Төрага

Курманбаев А.Б.