Редакцияот 26.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Арашан айылдык кенешинин XXVIII-чакырылышынын 1-чи кезектеги жыйыны

2024-жылдын 26-февралы № 2

Эсептерди бириктирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык эки айыл аймагы бириктирилген: Таш-Дөбө менен Арашан бир Арашан айыл өкмөтүнө айланган. Арашан айылдык кеңешинин жаңы курамынын биринчи кошмо сессиясынын жыйынтыгы менен

Арашан айылдык кеңеши

ТОКТОМ кылат:

1.              ААРдин жыйынтыгы менен Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу бардык бардык эсептер жабылсын

2.              Арашан айыл өкмөтүнүн бардык эсептери бириккен айыл аймактарынын эсеби катары каралсын.

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Т.Болгонбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Курманбаев А.Б.