Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Бириккен Арашан айылдык кенешинин XXVIII-чакырылышынын 2-чи кезектеги жыйыны

2024-жылдын 2-апрели № 3

Жаңы муниципалдык ишкананы ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык эки айыл аймагы бириктирилген: Таш-Дөбө менен Арашан бир Арашан айыл өкмөтүнө айланган.

Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Болгонбаев Самат Таалайбековичтин оозеки кайрылуусун карап жана талкуулоп,

Арашан айылдык кеңеши

ТОКТОМ кылат:

1.            “Таза-Таш-Дөбө” муниципалдык ишканасы менен “Арашан биримдиги” муниципалдык ишканасы бириктирилсин;

2.            «Таза-Таш-Дөбө» муниципалдык ишканасы жабылсын;

3.            «Арашан биримдиги» муниципалдык ишканасына юридикалык дарек ыйгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүлсүн;

4.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Т.Болгонбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Курманбаев А.Б.