ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 28-чи кезексиз жыйыны
2023-жылдын 4-майындагы № 67
Таш-Дөбө айылына караштуу Бер-Булак айылы өзүнчө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Бер-Булак айылы катары аныктоо боюнча Аламудун мамлекеттик администрацияна сунуштама
Таш-Дөбөн айылдык кеңеши Таш-Дөбөн айылдык кеңешинин депутаты Султанов Максат Өмүрбековичтин оозеки кайрылуусун карап, ошондой эле Элдик Курултайдын өкүлү Алымкулов Көлбайдын сөзүн угуп жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен, ошондой эле 2023-жылдын 3-майындагы №28 сессиясынын негизинде Таш-Дөбө айылдык кеңешинин бир добуштан кабыл алынган чечими менен Таш-Дөбө айылына караштуу Бер-Булак айылы өзүнчө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Бер-Булак айылы категориясына киргизилсин
2. Таш-Дөбө айылына караштуу Бер-Булак айылы өзүнчө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Бер-Булак айылы катары аныктоо боюнча Аламудун мамлекеттик администрацияна сунуштама киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов А.Дж. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |