Редакцияот 22.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 25-чи кезексиз жыйыны

 

2023-жылдын 22-мартындагы № 58

 

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Сай айылындагы №5 контурда жайгашкан жерлерди изилдөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Курманбаев Алмаз Болотбековичтин жана Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн башчысы Арзымат Жыргалбекович Меймановдун сүйлөгөн сөзүн угуп жана талкуулап

 

Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

ТОКТОМ  кылат:

 

1. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Орто-Сай айылындагы №5 контурда жайгашкан жерлерин изилдөө боюнча 21 адамдан турган убактылуу комиссия түзүлсүн.

2. Комиссиянын курамына айылдардын жашоочулары киргизилсин: Орто-Сай - 2 адам, Таш-Дөбө - 2 адам, Чокморова - 1 адам, Заречное - 1 адам, Малиновка - 1 адам, Бер-Булак - 1 адам.

3. Комиссиянын курамына ар бир айылдан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары: Заречное-Чокморова - 1 депутат, Таш-Дөбө I - 2 депутат, Таш-Дөбө II - 2 депутат, Бер-булак-Малиновка - 1 депутат, Таш-Дөбөн айылдык кеңешинин төрагасын орун басары – 1 депутат.

4. Комиссиянын курамына Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнөн шайланган элдик курултайдын делегаты жана Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы кирсин.

5. Комиссиянын курамына: Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн адиси, Чүй аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адиси жана Аламүдүн филиалынын «Кадастар» мамлекеттик мекемесинин адиси кирсин.

 

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.