Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН XXVIII  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН

XXVIII  СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 18-июлундагы № 1

 

Балыкчы шаардык Кеңешине штаттык бирдик ачуу жөнүндө

 

               Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесине ылайык жана  Балыкчы шаардык Кенешинин социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын чечимин карап, талкуулап, Балыкчы шаардык  кеңеши,

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомуна ылайык, Балыкчы шаардык Кеңешине катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү-1 штаттык бирдиги 2024-жылдын 15-июлунан баштап киргизилсин. 
  2. Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде  кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин. 
  3. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын. 
  4. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө алуу  жагы  Кыргыз Республикасынын  Финансы Министрлигинин  Балыкчы башкармалыгынын начальниги-К. Кожомбердиевге  жана социалдык өнүгүү,  укук  коргоо жана  мыйзамдуулукту  сактоо маселелери  боюнча  туруктуу комиссияга  тапшырылсын.

 

 

Кеңештин төрагасы                                                                         Ж.М. Абдразаков