БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
XXVIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 12-июлундагы № 4/1
Балыкчы шаарынын Ак-Өлөң калктуу конушундагы 8-март көчөсүнө Токталы Айлековдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
“Балыкчы шаарынын чегиндеги аталыштарды өзгөртүү жөнүндөгү” жобосунун негизинде Балыкчы шаарынын чегиндеги аталыштарды өзгөртүү жана ардактуу жаран наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Балыкчы шаарынын Ак-Өлөң калктуу конушундагы 8-март көчөсүн – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, маркум – Токталы Айлековдун ысымына которулуп,ыйгарылсын.
- Көчөнүн аталыштарына кетүүчү чыгымдарды маркумдун үй бүлөөсүнүн эсебинен аткаруу иш чараларын Балыкчы шаардык “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
- Балыкчы шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелери жана аскердик жана аскердик комиссариаты ушул токтомго ылайык иш алып баруулары сунушталынсын.
- Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы коомдук комиссиясына жана шаардык мэрияга тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М. Абдразаков