Редакцияот 26.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Бириккен Арашан айылдык кенешинин XXVIII-чакырылышы

2024-жылдын 26-апрели № 11

Жер участогун трансформациялоо макулдук берүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Арашан айылдык кеңешинин “Айыл чарба, жер маселелери жана сугат суусу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, «Ала-Арча» радиорелейлик станциясы стратегиялык объектилердин «В» категориясынын курамына киргендигин эске алуу менен

Арашан айылдык кеңеши

ТОКТОМ кылат:

1.              «Ала-Арча» радиорелейлик станциясынын жер участогун «Жайыт жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү;

2.              «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтерди даярдалсын жана макулдашсын;

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Т.Болгонбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Курманбаев А.Б.