Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 65 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

 

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 26-чы кезексиз жыйыны

2023-жылдын 27-мартындагы № 61

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн, Орто-Сай айылынын №5 контурунда жайгашкан жерлерди изилдөө үчүн ошондой эле бул жерлерди пайдалануу боюнча Таш-Дөбө айылдык кеңешине сунуштарды киргизүү боюнча убактылуу комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Курманбаев Алмаз Болотбековичтин жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Арзымат Жыргалбекович Меймановдун сөзүн угуп жана талкуулап

Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

ТОКТОМ  кылат:

1. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн, Орто-Сай айылында, №5 контурда жайгашкан жерлерин изилдөө боюнча, Таш-Дөбө айылдык кеңешине жер тилкеси кандай пайдалануу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн убактылуу комиссиянын төмөнкүдөй курамы бекитилсин:

2. Мурда чыгарылган 2023-жылдын 27-мартындагы №61 токтому жокко чыгарылсын.

3. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Орто-Сай айылынын бардык контурларында, тактап айтканда №5 контурда жайгашкан жерлерин изилдөө жана андан ары сунуштарды Таш-Дөбө айылдык кеңешине киргизүү боюнча убактылуу комиссиянын 17 адамдан турган курамы бекитилсин:

1) Рыскелдиев Талгар - Орто-Сай айылынын өкүлү

2) Жумагулов Бердибек Кенжегулович - Орто-Сай айылынын өкүлү

3) Белеков Тилек Кемелович – С.Чокморова айылынын өкүлү

4) Усупбекова Токтокан - Заречное айылынын өкүлү

5) Кудайбергенов Бакай Абылабекович - Таш-Дөбө I айылынын өкүлү