Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

БАЛЫКЧЫ  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН XXVIII  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН

XXVIII  СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 12-июлундагы № 4/2

 

Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок калктуу конушуна

Караштуу “Көк-Мойнок-1” жалпы орто билим берүү мектебине

Нарынбаев Асанбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын протоколдук чечиминин жана  Балыкчы шаарынын  чегиндеги аталыштарды өзгөртүү”  боюнча   коомдук комиссиясынын сунушун карап, талкуулап     Балыкчы  шаардык Кеңешинин  сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ :

 

  1. Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок-1 калктуу конушуна караштуу “Көк-Мойнок-1” жалпы орто билим берүү мектебине Нарынбаев Асанбайдын ысымы ыйгарылсын.
  2. Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок-1 калктуу конушуна караштуу “Көк-Мойнок-1” жалпы орто билим берүү мектебине аталышын  өзгөртүүгө  кетүүчү чыгымдарды көтөрүү  жагын Нарынбаев Асанбайдын  жакындары менен иш алып баруу  мектептин администрациясына   тапшырылсын.
  3. Кабыл  алынган  токтом “Балыкчы”  газетасына  жана  массалык  маалымат  каражаттарына   жарыялансын.
  4. Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.
  5. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө алуу  жагы  шаардык Кеңештин алдындагы  коомдук  комиссиясына жана   шаардык   мэрияга тапшырылсын.

 

Кеңештин төрагасы                                                                         Ж.М. Абдразаков