Редакцияот 25.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 27-чи кезектүү жыйыны

 

2023-жылдын 25-апрелиндеги № 65

 

Таш-Дөбө айылдык кеңеши тарабынан мурда кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Орто-Сай айылынын бардык контурларында, тактап айтканда №5 контурда жайгашкан Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жерлерин изилдөө боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн, андан ары Таш-Дөбө айылдык кеңешине сунуштарды киргизүү үчүн, арызын карап жана талкуулап

 

Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

ТОКТОМ  кылат:

 

1. Мурда чыгарылган 2023-жылдын 27-мартындагы № 61 токтому жокко чыгарылсын.

2. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Орто-Сай айылынын бардык контурларында, тактап айтканда №5 контурда жайгашкан жерлерин изилдөө жана андан ары сунуштарды Таш-Дөбөн айылдык кеңешине киргизүү боюнча убактылуу комиссиянын 17 адамдан турган курамы бекитилсин:

1)    Рыскелдиев Талгар - Орто-Сай айылынын өкүлү

2)    Жумагулов Бердибек Кенжегулович - Орто-Сай айылынын өкүлү

3)    Белеков Тилек Кемелович – С.Чокморова айылынын өкүлү

4)    Усупбекова Токтокан - Заречное айылынын өкүлү

5)    Кудайбергенов Бакай Абылабекович - Таш-Дөбө айылынын өкүлү

6)    Биназаров Табылды Байматбекович - Таш-Дөбө II айылынын өкүлү

7)    Артыкулов Айбек - Бер-Булак айылынын өкүлү

8)    Зарлыкова Кенжакан Нурбаевна – Малиновка айылынын өкүлү

9)    Ергешев Азамат Бектурович – №1 Чокморов-Заречное округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты.

10) Касымалиева Венера Качкынбаевна - №2 Таш-Дөбө округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты

11) Султанов Максат Өмүрбекович - №4 Бер-Булак-Малиновка округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты.

12) Мусаев Аман Жаныбекович - №3 Воронцовка округунан Таш-Дөбөн айылдык кеңешинин депутаты.

13) Алымкулов Көлбай Бейшебаевич – Таш-Дөбө айыл өкмөтүнөн элдик курултайдын делегаты.

14) Мукашев Урмат Нурланович – Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси

15) Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адиси - ыйгарым укуктуу орган тарабынан

16) Аламүдүн филиалынын «Кадастар» мамлекеттик мекемесинин адиси - ыйгарым укуктар боюнча

17) Жумалы уулу Кутманбек – юрист

 

3. Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрына чейин аныкталсын

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов А.Дж. жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.