Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 24-чү кезексиз жыйыны

 

2023-жылдын 27-январындагы № 51

 

2023-жылга бюджеттин сметасын бекитүү жөнүндө

 

Таш-Дөбө айыл аймагынын ФЭО башчысынын милдетин аткаруучу Э.Б.Момбекованы Таш-Дөбө айыл аймагынын 2023-жылга негизги эсеби жана атайын эсеби боюнча киреше жана чыгаша бюджетинин сметасы угуп жана талкуулап

 

Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

ТОКТОМ  кылат:

 

1. 2023-жылга негизги эсеп жана атайын эсеп боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 34 032,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

- негизги эсеп 31 477,6 миң сом;

- атайын эсеп 2 555,0 миң сом;

2. Бюджеттин кирешелеринин болжолу 34 032,6 миң сом суммасында бекитилсин № 1 тиркемеге ылайык;

3. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу суммасында бекитилсин 41 761,6 миң сом; 2025-жылга 43 724,2 миң сом, № 2 тиркемеге ылайык;

4. 2023-жылга бюджетке ылайык кассада накталай жүгүртүүдө 10,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

5. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соцфондго чегерүү, тамак-аш, коммуналдык кызматтар) көрсөтүлгөн тартипте иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

6. Оперативдүү муктаждыктардан улам финансы бөлүмүнө айыл өкмөтүнүн бюджетин аткаруу процессинде чыгаша статьяларынын ортосунда, ошондой эле чыгашалардын негизги топтору, чакан топтору боюнча жалпы чыгашалардын чегинде кайра бөлүштүрүү укугу берилет, чыгашалардын негизги топтору, подгруппалары боюнча чыгашалардын корголгон статьяларын кыскартуусуз.

7. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата аппараты, ЖКХ, китепкана, клуб, ФК спорт боюнча штаттык расписание бекитилсин.

8. Таш-Дөбө айыл аймагынын бала бакчасынын тарбиялануучуларынын тамак-ашына айыл өкмөтүнүн бюджетинен бир балага бир күндүк чыгашасы 18 сомдон бекитилсин, бирок тамак-аштын кымбатташына байланыштуу бир балага бир күндүк чыгашасы 20 сомго чейин көтөрүлсүн. .

Ал эми бала бакчага барган ар бир күн үчүн ата-энелерден 70 сомдон.

9. Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 2023-жылга бюджеттин 1% өлчөмүндө 340,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

10. 2013-жылдын 7-августундагы №403 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун негизинде контракттык негизде жумушчуларды кармоого башкаруу аппараты бөлүмүндө 21112-беренесине ылайык «контракт боюнча жалданган жумушчуларга - 480,0 миң сом. 2121 «Социалдык фонд» беренеси боюнча - 82,8 миң сом.

11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Меймановго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.