Редакцияот 03.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз III сессиясы

2023-жылдын 3-июлу № 3/1

АРИСтин “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо(COVID -19 га жооп кайтаруу боюнча)” КК АИД-3 Ири долбоор(лор) Өзгөрүш айылындагы кампаны ремонттон өткөрүү,Талды-Суу айылына жаңы техника сатып алуу,Баш-Кайыңды айылынын тургуну Үсөнкожоев Рахаттын кайыш иштетүү долбоорлору жөнүндө

КК АИД-3түн алкагында айыл аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш чаралар жөнүндө жана ири долбоор(лор) Өзгөрүш айылындагы кампаны ремонттон өткөрүү,Талды-Суу айылына жаңы техника сатып алуу,Баш-Кайыңды айылынын тургуну Үсөнкожоев Рахаттын кайыш иштетүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Алакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесине ылайык бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы токтом кылат :

 

1.Ири долбоор(лор) Өзгөрүш айылындагы кампаны ремонттон өткөрүү жалпы бюджет-2 300 000 сом,а.и. АРИСтин гранты-2 300 000 сом,жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 0 сом, Талды-Суу айылына жаңы техника сатып алуу жалпы бюджет-2 200 000 сом, а.и. АРИСтин гранты-2 200 000 сом,жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 0 сом,Баш-Кайыңды айылынын тургуну Үсөнкожоев Рахатка кайыш иштетүү боюнча жалпы бюджет-320 000 сом,а.и. АРИСтин гранты-320 000 сом,жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 0 сом бекитилсин.

 

2. Өзгөрүш айылындагы кампаны ремонттон өткөрүү , Талды-Суу айылына жаңы техника сатып алуу ,Баш-Кайыңды айылынын тургуну Үсөнкожоев Рахаттын кайыш иштетүү боюнча ири долбоорлор Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин.

 

3. Ири долбоорлордо көрсөтүлгөн обьектилерди техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен чыгымдар бекитилсин.

 

 

4. Өзгөрүш айылындагы кампаны ремонттон өткөрүү , Талды-Суу айылына жаңы техника сатып алуу ,Баш-Кайыңды айылынын тургуну Үсөнкожоев Рахаттын кайыш иштетүү боюнча ири долбоорлорго тиешелүү иш кагаздарды АРИСке өз убагында берүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.

 

6.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.

 

Төраганын

орун басары

 

М.Рахатбек уулу