Редакцияот 23.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Бириккен Арашан айылдык кеңешинин

XXVIII-чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

2024-жылдын 23-майы № 16

Арашан айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын жараны В.Н. Шевченконун ишеним катынын негизинде, 2024-жылдын 29-апрелинде Россия Федерациясынын жараны В.И. Постоваядан келип түшкөн арызды 2024-жылдын 23-майында кезексиз сессиядан карап чыгып, жана Арашан айылдык кеңешинин “Айыл чарба, жер жана сугарт суу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде

Арашан айылдык кеңеши

ТОКТОМ кылат:

Россия Федерациясынын жараны И.В. Постоваянын №496 контурунда (№462 жаңы контур), кык сактоо № 497 контурунда (№ 461 жаңы контур) жанында жайгашкан жеринин 0,22 га жер тилкесинин категориясын өзгөртүү жөнүндө 2024-жылдын 29-апрелинде келип түшкөн арызы канааттандырылбасын.

 

Төрага

Курманбаев А.Б.