БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз III сессиясы
2023-жылдын 3-июлу № 3/3
Айылдык кеңештин 2023-жылдын 6 айына карата иш планын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,айылдык кеңештин регламентине ылайык бириктирилген
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6 айына карата иш планы бекитилсин (иш план тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
М.Рахатбек уулу |
| Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз I II сессиясынын № 3/3 токтому менен бекитилди |
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6 айына
карата түзүлгөн иш планы
№ п/п | Каралуучу маселелер | Өтүү убагы | Даярдоого жооптуулар |
1 | Айыл аймагында оруп-жыюу жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү,комбайндардын ремонту жөнүндө
| 2023-жыл август | Туруктуу комиссия,айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси,айыл башчылар
|
2 | Айылдарда жашоочулардын таза суу менен камсыз болуусу,тарифтердин чогултулушу жөнүндө
| 2023-жыл сентябрь | Туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн таза суу боюнча адиси |
3 | Билим берүү мекемелеринин(мектеп,бала бакча) жаңы окуу жылына карата даярдыгы,ремонт иштеринин жүрүшү жөнүндө
| 2023-жыл август | Туруктуу комиссия |
4 | Айыл аймагындагы Талды-Суу жана Баш-Кайыңды айылдарындагы муниципалдык ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 2023-жыл сентябрь | Туруктуу комиссия,муниципалдык ишканалардын жетекчилери |
5 | Калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы,айыл аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
| 2023-жыл октябрь | Туруктуу Комиссия |
6 | Айыл аймагындагы жайыт комитеттеринин жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету | 2023-жыл ноябрь | Жайыт комитетинин төрагалары |
7 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын,айыл башчылардын,мекеме жетекчилеринин 2023-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууруалуу отчету
| 2023-жыл декабрь | Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчылар,мекеме жетекчилери,туруктуу комиссия
|
8 | 2024-жылга карата иш план иштеп чыгуу,сессияда бекитүү жөнүндө | 2023-жыл декабрь | Айылдык кеңештин катчысы
|
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
А.Чукулуков |