Редакцияот 03.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз III сессиясы

2023-жылдын 3-июлу № 3/6

Талды-Суу жана Баш-Кайыңды айыл өкмөттөрү боюнча экологияга деп каралган акча каражаты жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Алакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы токтом кылат :

 

1.2023-жылдын жергиликтүү бюджетинде Талды-Суу жана Баш-Кайыңды айыл өкмөттөрү боюнча экологияга деп каралган акча каражаттары Баш-Кайыңды айыл аймагындагы социалдык обьектилерге от жагуучу мештерге фильтр коюу үчүн пайдаланылсын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Дайыргазы уулуна тапшырылсын.

 

3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.

 

Төраганын

орун басары

 

М.Рахатбек уулу