Редакцияот 24.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Бириккен Арашан айылдык кеңешинин

XXVIII-чакырылышынын V кезексиз сессиясы

2024-жылдын 24-майы № 20

Аламүдүн районунун прокуратурасына адмистративдик имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча

Кыргыз Республикасынын Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан 2024-жылдын 16-майыда №02-3/982 жана Аламүдүн районунун прокуратурасынан 2024-жылдын 23-майында Аламүдүн районунун прокуратурасына адмистративдик имарат куруу үчүн Аламүдүн районунун, Арашан айыл өкмөтүнүн, Орто-Сай айлынын Байтик-Баатыр көчөсүндө жайгашкан 0,40 га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча келип түшкөн катын 2024-жылдын 24-майында өткөн кезексиз сессиясында карап, Арашан айылдык кеңешинин депутатарын пикирлерин угуп жана талкуулап

Арашан айылдык кеңеши

ТОКТОМ кылат:

1.              Аламүдүн районунун прокуратурасына адмистративдик имарат куруу үчүн Аламүдүн районунун, Арашан айыл өкмөтүнүн, Орто-Сай айлынын Байтик-Баатыр көчөсүндө жайгашкан 0,40 га жер тилкеси бөлүп берилсин;

2.              Арашан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орто-Сай айлынын Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан 0,40 га жер тилкесинин максаттуу багыты Аламүдүн районунун прокуратурасынын адмистративдик имаратын куруу үчүн өзгөртүлсүн;

3.              Бул токмомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн

 

Төрага

Курманбаев А.Б.