Редакцияот 30.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Бириккен Арашан айылдык кеңешинин

XXVIII-чакырылышынын V кезексиз сессиясы

2024-жылдын 30-майы № 22

Жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча

 

2024-жылдын 24-апрелинде Молдобеков Эсенбектен келип түшкөн арызды 2024-жылдын 23-майында сессиядан карап чыгып, жана Арашан айылдык кеңешинин “Айыл чарба, жер жана сугарт суу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде

Арашан айылдык кеңеши

ТОКТОМ кылат:

1.            Арашан айыл өкмөттүндө Чункурчак жайлоосунда жайгашкан жалпы аянты 0,20 га Молдобеков Эсенбекке таандык идентификациялык коду 7-01-04-0016-0077, “Айыл чарба” багытындагы жердин категориясын “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулуусуна макулдук берилсин;

2.            “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтери даярдалсын жана макулдашсын;

3.            Бул токмомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Курманбаев А.Б.