Редакцияот 20.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IV сессиясы

2023-жылдын 20-июлу № 4/2

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап бириктирилген Баш-Кайыңды айыл

аймагынын

айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат :

 

1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулунун билдирүүсү эске алынсын.

 

2. Айыл аймагындагы билим берүү мекемелерине ремонт үчүн каралган акча каражаттарына карата жана көмүр боюнча тендердик иштерди өз убагында,эрте жарыялап,каралган акча каражаттары өз орду менен жумшалсын,ошондой эле айыл аймагындагы социалдык

обьектилерге,айылдардын инфраструктураларын жакшыртууга каралган акча каражаттары өз убагында жана өз максатына жумшалсын.

 

 

3. Жогорудагы аталган иштерди өз убагында аткаруу жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.

 

Төрага

Д.Жолдошбек уулу