Редакцияот 08.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз V сессиясы

2023-жылдын 8-августу № 5/4

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жана бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулунун,айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Алакуновдун жана айыл өкмөтүнүн бухгалтери А.Карыбек уулунун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз V сессиясы токтом кылат :

 

 

1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын,айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын жана айыл өкмөтүнүн бухгалтеринин билдирүүлөрү эске алынсын.

 

2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган акча каражаттарынын сарпталышы көзөмөлгө алынсын,айыл аймагындагы мекемелердин ремонту боюнча тендерлер тез аранын ичинде өткөрүлсүн,айыл аймагындагы мектеп,бала бакча,саламаттык сактоо мекмелерине түшүүчү көмүрдүн сапатына көңүл бурулсун,көмүрдөн эконом болгон акча каражатынын так эсеби алынсын жана бул боюнча келерки сессияга маалымат берилсин.

 

3.Айыл аймагындагы айылдарды өнүктүрүү боюнча алардын инфраструктурасына көңүл бурулсун,райондук жана областык өнүктүрүү фонддоруна проект жазып өткөрүү колго алынсын.

 

4.Баш-Кайыңды айылындагы сугат суулары ирээтке келтирилсин,сугат суулары чөп тартуучу жолдорду каптап жаткандыгына байланыштуу,аларды каналдарга салуу боюнча суу мурабдар менен иш алып барылсын.

 

5.Айыл аймагында тоют топтоо жана оруп-жыюу жумуштарына карата малдын тартиби колго алынсын,чөп жана эгин аянттарына түшкөн малдарга штрафтарды салуу Укук Бузуулар кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.

 

6.Айылдарда дан эгинге калтырылган арпа аянттары такталсын жана тез аранын ичинде тоют топтоо өнөктүгүнө карата комбайндардын ремонту сапаттуу бүткөрүлсүн.

 

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.

 

8.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.

 

Төрага

Д.Жолдошбек уулу