БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз V сессиясы
2023-жылдын 8-августу № 5/7
Баш-Кайыңды жана Большевик айылдары үчүн таштанды төгүүчү жай куруу үчүн жер участокторуна уруксат берүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Жолдошбек уулу Дыйканбайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айылы үчүн таштанды төгүүчү полигон куруу үчүн Кара-Тал участогунун түндүк тарабынан № 210 контурундагы жалпы аянты 1,50 га жана Большевик айылы үчүн таштанды төгүүчү полигон куруу үчүн Кара-Тал участогундагы № 205 контурундагы жалпы аянты 1,30 га жер аянттарына уруксат берилсин.
2. Жогорудагы жер аянттарына таштанды төгүүчү жайларды куруу үчүн документтерин жана уруксат кагаздарын бүткөрүү Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн адиси А.Мааметовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Алакуновго тапшырылсын.
5.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
Төрага | Д.Жолдошбек уулу |