БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 27-октябры № 7/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулунун жана айыл башчылардын,аппарат кызматкерлеринин 2023-жылдын 9 айына карата аткарган иштери жана бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы,каралган акча каражаттарына бүткөрүлгөн жумуштар боюнча отчеттору жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Алакуновдун жана айыл башчылардын,аппарат кызматкерлеринин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын жана айыл башчылардын,аппарат кызматкерлеринин берген маалыматтары эске алынсын.
2. Каралган акча каражаттарына тендер жарыялоодо кемчиликтер кетирилип жаткандыгы,тендерлер кечигип жарыяланып,ушул кезге чейин аткарыла турган иштердин сметасы түзүлбөй,каралган акча каражаттары иштетилбей,билим берүү мекемелеринин ремонтуна каралган акча каражаттары кечигип берилип,ремонт иштери өз убагында жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин.
3. Ошондой эле айылдардын инфраструктураларын жакшыртууда көчөлөргө шагыл төгүү,жарыктандыруу чырактарын коюу,айыл ичтерине суу өтүүчү трубаларды коюу иштери кечеңдеп жаткандыгы,бала бакчаларда ысык тамак берүүдө кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин.
4. Өзгөчө кырдаалдар үчүн каралган Талды-Суу айыл өкмөтү боюнча 50 миң сомго, Баш-Кайыңды айыл өкмөтү боюнча 70 миң сомго бардыгы 120 миң сомго күйүүчү майлардын кору сакталып турулсун.
5. Жогорудагы аталган иштерди өз убагында аткаруу жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
Төрага | Д.Жолдошбек уулу |