Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 27-октябры № 7/4

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2023-жылга карата чөпкө чабылган арпа аянтын статистикалык отчеттон чыгаруу жөнүндө

Дыйкандардын кесек тоютунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу структура боюнча айдалып себилген 639 га арпа аянтынын 535 га арпа аянты тоют катары чөпкө чабылган, чөпкө чабылган арпа аянтын статистикалык отчеттон чыгаруу үчүн Талды-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат :

 

1.     Чөпкө тоют катары чабылган 535 га арпа аянты дан эгиндеринин статистикалык отчетунан чыгарылсын.

 

2.     Дан эгиндеринин статистикалык отчетунан чыгаруу жагы райондук статистикалык бөлүмүнөн суралсын.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн статист- экономисти К.Турдиевага милдеттендирилсин.

 

4.     Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д.Жолдошбек уулу