Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 27-октябры № 7/7

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54 Жарлыгына ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду коюуда ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Д.Сатыбалдиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат :

 

1.   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгына ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду коюуда ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби тууралуу Жобо бекитилсин.

 

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Д.Сатыбалдиевага милдеттендирилсин.

 

 

3.  Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин

 

Төрага

Д.Жолдошбек уулу