БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 19-апрелиндеги №1
Багыш айыл аймагынын административдик
чек арасынын схемалык картасы жана ага
тиркелген чек ара баяндамасына макулдук
берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Багыш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын жана Багыш айыл өкмөтүнүн № 1-15/251 18.04.2024-жылдагы кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Багыш айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Багыш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Багыш айылдык кеңешинин төрагасы Сейдахматов Жыргалбек Орозбековичке жана Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Түгѳйбеков Нурсултан Түгѳйбековичке схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
5. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
Ж.Сейдахматов |