Редакцияот 26.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз IV сессиясынын

 

2024-жыл 26-апрелиндеги №2

 

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн тургундарынын үлүш жерлерин

мамлекеттик фондунун жерлерине которуп берүү жөнүндө

 

Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 15-мартындагы №01-15/163-1 сандуу “Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасынан 292,91 гектар сугат айдоо жер тилкелерин эл аралык аэропорт курууга берилгендигине байланыштуу, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн тургундарынын үлүш жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерине которуп берүү жөнүндө чечимин чыгаруу” боюнча кайрылууларын карап чыгып, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 

1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасындагы 292,91 гектар сугат айдоо жер тилкеси эл аралык аэропорт куруу үчүн ажыратылып берилгенине байланыштуу, анын ичинен 15,96 гектар (ичинен 13 гектар көп жылдык алма-бак), 253 гектар Багыш айыл ѳкмѳтүнүн тургундарынын үлүштүк айдоо жерлери Багыш айыл ѳкмѳтүнүн мамлекеттик фондунун №8, 10, 11, 14, 19 контурларына жерине которууга макулдук берилсин.

 

2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Түгѳйбеков Нурсултанга милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндѳн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага

 

Ж.Сейдахматов