БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 27-октябры № 7/9
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атуулдарына “Ардактуу атуул” наамдарын берүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Алакуновдун жана айылдык кеңештин депутаты А.Солтобаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы токтом кылат :
1. Төмөндөгү Большевик айылынын тургундарына Баш-Кайыңды айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
- Султанакунов Зарылбек
- Араева Базаркүл Абдылдаевна
- Өзгөрүшова Апал Өзгөрүшовна
- Солтобаев Бактыбек Таштанбекович
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Жолдошбек уулу |