Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз V сессиясынын

 

2024-жыл 17-майындагы №1

 

Жердин категориясын өзгөртүүгө

макулдук берүү жөнүндө

 

Багыш айыл өкмөтүнүн Ленин айылындагы муниципиалдык менчигинде турган 2,69 га “Өнөр жай транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери” категориясынан "Калктуу конуштар жерлери" категориясына которууга макулдук берүү үчүн талкуулап чыгып Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Багыш айыл аймагынын Ленин айылындагы №569 контурунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги жалпы 2,69 га жер аянтына көп кабатуу турак жай куруу максатында “Өнөр жай транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери” категориясынан "Калктуу конуштар жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин.

2.    Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык Багыш айыл аймагынын Ленин айылындагы №569 контурунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги жалпы 2,69 га жер аянтына көп кабатуу турак жай куруу максатында “Өнөр жай транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери” категориясынан "Калктуу конуштар жерлери" категориясына которууга керектелген иш кагаздар топтомун даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жүктөлсүн.

3.    Токтомду Багыш айыл өкмөтүнүн расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү жагы жооптуу катчы М.Акумбаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

Ж.Сейдахматов