Редакцияот 15.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын

кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жыл 15-май №24/6

 

Кербен шаарына караштуу Ниязалы кѳчѳсүндѳ жайгашкан

“ Токтогул” атындагы паркынын чыгыш тарабынан Аксы райондук сотуна жаңы иммарат кууру үчүн жер аянтчасын

бөлүп берүү жѳнүндѳ

 

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кырыгз Республикасынын мыйзамынын 34- беренесинин 5- пунктуна ылайык Муниципиалдык жерлердин пайдалануусу жөнүндө, Кербен шаарынын мэриясынын 2024- жылдын 14-майындагы № 01-20/715 кайрылуусу жана Кербен шаардык Кеңештин суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 42 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

 

                                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кербен шаарынын Ниязалы кѳчѳсүндѳ жайгашкан Тотоктогул паркынын чыгыш тарабынан Аксы райондук сотуна жаңы имарат кууру үчүн 0,13 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Кербен шаарынын мэриясына Аксы райондук сотуна бөлүнүп берилген 0,13 га жер аянтын тиешелүү мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.

3. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтом «www.Kerben.Aksy.kg» веб-сайтында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын тѳрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.

 

 

Кербен шаардык

кеңештин төрагасы:

 

 

Р.Назарбеков