КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XLII сессиясы
2024-жылы 12-июлу №54
Ош-Баткен унаа жолунун жээгин жашылдандыруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Осмоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жаратылышты коргоо, айлана чөйрөнү көрктөндүрүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ош-Баткен унаа жолунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кош-Моло участкасынан Развилька участкасына чейинки аралыкты жашылдандыруу максатында жолдун коргоо тилкесине көчөт отургузуп өстүрүү үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө жолдун коргоо тилкесин убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
айылдык Кенешинин торайымы: |
Ж.Шадиманова |