АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн айыл кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2022-жылдын 18-январы № 1
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу 2023-2024-жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө
Атай айылдык Кенешинин бюджет,экономика муниципиалдык менчик,айыл чарба ,инвестиция,ишкердик ички жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ботоканова Гүлбахиранын,Атай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн жана штат бирдигин бекитүү 2023-24-жылга долбоорун жана Атай айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кенешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 6454,0 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 6454,0 миң сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Атай айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2022-жылга 6454,0 мин сом суммасында
2023-жылга 6467,6 мин сом суммасында
2024-жылга 6481,5мин сом суммасында
3. Атай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү,трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Атай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 1% 60,0 мин сом суммасы 16.05.2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 1-бөлүмүнүн 21-беренесине резервдик фонду болуп бекитилсин.
6. Атай айыл өкмөтүнүн аппараттын 2022-жылга 13,0 структурасы жана штаттык түзүмү №5 тиркемеге ылайык, маданият тармагынын кызматкерлеринин 3,0(үч),китепкана кызматкерлеринин 2,0(эки)штаттык түзүмү №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы,соц.фондуна чегерүүлөр,тамактануу)жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (эл.энергия,көмүр ,суу,телефон байланыш ж.б.)жүргүзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген эл.энергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу,ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
9. Бул токтом аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык кенешинин “Пландоо бюджет”боюнча туруктуу комиссиясына жана фин-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловго тапшырылсын.
Атай айылдык кенешинин төрагасы: |
Н.Т. Жээнбаев |