КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXX сессиясы
2024-жылдын 22-апрелиндеги № 28-41/1
Аныкталган чек аралар боюнча чийилген картасын бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2024-жылдын 16-апрелиндеги, чыг.№01-16/1554 кайрылуу каты, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде, пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жʏргʏзʏʏнʏн алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан тʏзʏлгѳн, Каракол шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы,
токтом кылат:
1. Чельпек айыл аймагы Каракол шаарына кошулгандыгына байланыштуу, аныкталган чек аралар боюнча чийилген картасын кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын кʏн чыгыш тарабында жайгашкан Алтын -Арашан айыл ѳкмѳтʏнʏн чек аралары боюнча Каракол шаардык Кеңешине кайрылуусу эске алынып, такталсын.
3. Каракол шаарынын кʏн батыш тарабында жайгашкан Жети-Ɵгʏз айыл ѳкмѳтʏнʏн чек арасындагы жер тилкелерин кошумча тактоо менен кабыл алынсын.
4. Бул токтомдун кѳчʏрмѳсʏ Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкʏлчʏлʏгʏнѳ жиберилсин.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов
Жиберилди:Д-1, мэрия-1, КРМК-1, архитектура-1, мамкаттоо-1, ММК-1, юстиция-1.