Редакцияот 10.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын

 

2024-жылдын 10-июну № 10

 

Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна 1-Май айылындагы Кара-Сай арыгынын 1 километрин бетондоо боюнча долбоорлорду тандоо жөнүндө

“Күмүштак” муниципалдык ишканасынын Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштала турган 1-Май айылындагы Кара-Сай арыгынын 1 километрин бетондоо иштери боюнча долбоорун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VI сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна 1-Май айылындагы Кара-Сай арыгынын 1 километрин бетондоо иштери боюнча долбоору жактырылып бекитилсин.

 

2. Аталган долбоор жумушчу топ тарабынан даярдалып, Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна жөнөтүлсүн.

 

3. Долбоордун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.