Редакцияот 18.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ

ТОКТОМ

Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кенешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2022-жылдын 18-январы № 6

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жана өздүк салымга акча каражаттарын бөлүү жөнүндө

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 17.01.2022 жылдагы № 5 протоколу бекитилсин.

2. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтү үлүштүк дем берүүчү грантка төмөндөгү долбоорлор сунушталууда. Карл Маркс айылынын Саймалуу Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин ашкана,китепканасынын имаратынын курулуш иштерин толук бүткөрүү үзүн өздүк салымына 492,7(төрт жүз токсон эки мин жети жүз токсон үч)сом, Атай айылдык клубдун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салымына 378,6(үч жүз жетимиш сегиз мин алты жүз жетимиш сегиз)сом, Кызыл Октябрь участкасынын 3 км жолун капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салымына 525,0(беш жүз жыйырма беш мин)сом акча каражатын 2022-жылдын Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берүү жагы фин-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловго тапшырылсын.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Н.Жээнбаевге милдеттендирилсин.

 

Атай айылдык кенешинин

төрагасы:

 

Н.Т. Жээнбаев