Редакцияот 22.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 22-июлу № 132

"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

53-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында түзүлүүчү банктын бүтүмдөрүнө жайылтылбайт.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 56 (3610) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 27-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган