АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кенешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2022-жылдын 18-январы № 7
Атай мамлекеттик үрөнчүлүк чарбасына айыл чарба техникаларын алууга “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо жөнүндө
Атай мамлекеттик үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Э. Нурманбетовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 17.01.2022 жылдагы №4 протоколу бекитилсин.
2. Атай мамлекеттик үрөнчүлүк чарбасына айыл чарба техникаларын алуу үчүн “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине 4 370 000 сомдук долбоор сунушталсын.
3. Долбоорду даярдап өткөрүү жагы Атай мамлекеттик үрөнчүлүк чарбасынын башчысы Э. Нурманбетовко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык кенешинин төрагасы: |
Н.Т. Жээнбаев |