Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ

ТОКТОМ

Атай айыл өкмөтүнүн айыл кенешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын

2022-жылдын 11-февралы № 2

Атай айылдык Кенешинин 2021-жылга карата туруктуу комиссиялардын алып барган иштери боюнча маалымат угуу жана 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

Атай айыл аймагынын айылдык Кенешинин Мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Абдылдаевдин, Агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча комиссиянын төрагасы Э.Жолдошбек уулунун, Пландоо-бюджет туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Ботоканованын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Атай айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларынын 2022- жылга карата иш планы алымча- кошумчасы менен бекитилсин.

2.              2021-жылга карата аткарылган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.

3.              Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

4.              Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.              Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Н.Жээнбаевге милдеттендирилсин.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

Атай айылдык кенешинин

төрагасы:

 

Н.Т. Жээнбаев