Редакцияот 06.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX-сессиясы

 

2024-жылдын 6-майы № 188

 «3111 беренеден 2214 жана 2221 беренелерине акча  каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө”.

 

                                                   

   Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 23-апрелиндеги №2/129 буйругу,2024-жылдын 06-майындагы № 11 протоколу жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 06-майындагы № 62 буйругунун негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси А.Шамшиевдин билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы                                                  

                                              Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.2024-жылдын 5-майында катуу жааган жамгырдан улам чыккан сел кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында,акча каражаттарын

3111 беренесинен кемитилип,2214 жана 2221 беренелерине жылдырууга макулдук берилсин.

2.Акча каражатын беренелерден жылдыруу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х.Кушбаковго жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Саматов